Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Токтогул ГЭСиндеги авариянын себеби аныкталды


Токтогул ГЭСи.

Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын маалымдашынча, ГЭСтеги экинчи агрегаттын токтошуна май берчү кабелдердин бузугу себеп болгон. Азыр аларды алмаштыруу аракети жүрүүдө.

Кыргызстандагы эң ири Токтогул ГЭСинин бир агрегаты 15-декабрдан бери иштебей турат. Былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон болчу. Ал кезде ушул эле кабелдин башка жери иштебей калып, агрегаттын иши үзгүлтүккө учураган. (RsK/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG