Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Көк-Жаңгакта окуучу рекетчиликтин айынан мал уурдаганы айтылууда


Көк-Жаңгак шаарынын 16 жаштагы тургуну 17-декабрда мал уурулукка айыпталды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Макаренко мектебинин 11-классынын окуучусу тууганынын бир баш кара малын базарга алып барып, 17 миң сомго жакын акчага сатып жиберген.

Акчаны өзүнө зөөкүрлүк көрсөтүп жүргөн башка мектептин окуучусуна жана карыздары үчүн кафе менен дүкөнгө төлөгөн. Калган сумманы өз үйүндөгү дааратканага жашырган.

Жоголгон мал базардан табылган. Иш сотко жөнөтүлдү. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG