Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Момбеков: ГЭСтеги агрегат иштен чыкканын 6 күн жашырышты


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Парламенттин 22-декабрдагы жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Токтогул ГЭСиндеги бир агрегаттын иштебей калышына байланышкан маселени көтөрдү. Улуттук энергохолдинг муну 6 күн бою жашырып келгенин, эми электр энергиясына чектөөлөр болбойбу деген суроо кабыргасынан коюлуп жатканын белгиледи. Аталган компания жетекчилигин Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алууну сунуштады:

- Көрсө, №2 гидроагрегаттын 500 кВ чыӊалуудагы кабелинин ичинде температура кескин көтөрүлүп кеткендиктен, ал токтотулган экен. Былтыр дагы так ушул мезгилде Токтогул ГЭСинде авария болуп, ремонттон өткөрүлгөн. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев Азия өнүктүрүү банкынан 450 млн доллар каражат алганын айтып, эми Токтогул ГЭСинде авария болбой турганына ишендирген. Адамдын атасы өлсө деле угузат экен. Эмне үчүн Улуттук энергохолдинг алты күндөн бери авария болгонун жашырды? Компаниянын жетекчилерин чакырып, маалымат алуу зарыл. Жаӊы жылда жарык болобу же калкыбыз караӊгыда каман күркүрөйт болуп отурабы?

ГЭСте кабелдик линия жарактан чыгып, 15-декабрдын түнү бир агрегат токтоп калган. Бирок, маалымат 21-декабрда гана ачыкка чыкты. Былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон болчу. Быйыл 15-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатынын кабелдерин оңдоо үчүн Орусиядан да адистер чакырылды. "Электр станциялар" ишканасы ГЭСтин калган үч агрегаты толук иштеп жатканын жана электр энергиясына чектөө болбой турганын убада берип, маалымат жашырылган деп айтылгандарды четке кагууда. (NT)

XS
SM
MD
LG