Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Жээнбеков: жарандык авиациядагы кемчиликтер үч жылда чечилсин


Эл аралык жарандык авиация уюму жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жарандык авиациясына 128 сын жана кемчилик коюлган. Бул тууралуу өкмөттүн 22-декабрдагы жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда чет элдик учактарды тейлей турган заманбап техникалык борбор жок. Аны негиздөө боюнча Транспорт жана жолдор, Экономика министрликтерине инвесторлорго шарт түзүп, сунуштоо тапшырмасы берилди. Жээнбеков 2016-2020-жылдарга жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча өкмөт программасын ишке ашыруу боюнча чаралар топтомун начар аткарды деп Жарандык авиация агенттигин сындады:

- Быйыл коюлган 5 пландын бири гана аткарылган. Анын аткарылбай калганына Транспорт жана жолдор министрлигинде координациянын жоктугу, Жарандык авиация агенттигинин жетекчилигинин кайдыгер мамилеси себеп.

Сооронбай Жээнбеков Эл аралык жарандык авиация, Эл аралык авиация комитетинин алдындагы Кыргызстандын мүчөлүк взностору төлөнбөй калганын белгилеп, аны төлөөнү да буюрду. Авиация тармагындагы кемчиликтерге жол бергендерди аныктап, жазалоону жана келерки эл аралык аудитке чейин мүчүлүштүктөрдү жоюуну тапшырды. Аталган мекемелер бир ай ичинде коопсуз учуулардын программасын өкмөт аппаратына бекитүү үчүн киргизүүгө, биринчи вице-премьер-​министрге бардык сындардан арылуу багытындагы чараларды тааныштырууга тийиш. Кийинки эл аралык текшерүү 2019-жылы болот. Кыргызстан 2006-жылдан бери Евробиримдиктин "кара тизмесинде" турат. (NT)

XS
SM
MD
LG