Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Москва метросунун алдында жарылуу болду


Жарылуудан кийин.
Жарылуудан кийин.

Ремонт иштери жүрүп жаткан "Коломенская" метросунун түштүк ыптасындагы кире бериште бүгүн эртең менен газ баллон жарылып, андан жети адам жабыркады. Алардын төртөө ооруканага жеткирилип, үчөөнө жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөнү кабарланууда.

Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине таянуу менен жергиликтүү булактар маалымдашты. Жарылуу ширетүү иштеринде газ баллонду этиятсыздык менен колдонуудан келип чыкканы айтылып жатат. Жарылуудан кийин өрт чыгып, бирок ал өз убагында өчүрүлдү. Окуядан кийин метронун түштүк жактагы кире бериши жабылып, азыр кайра ачылганын РИА новости агенттиги жазып чыкты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандар арасында мекендештер бар-жогун тактап жатат.

XS
SM
MD
LG