19-декабрда Анкарада киши колдуу болгон Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага президент Путин баштаган орусиялык бийлик адамдары келишти.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров элчиге өлгөндөн кийин берилген Орусиянын Баатыры наамын анын үй-бүлөсүнө тапшырды.
Дипломат Андрей Карлов Анкарадагы сүрөт көргөзмөсү учурунда өлтүрүлгөн. Ага ок ачкан адам муну Алеппо үчүн жасап жатканын айтып кыйкырган. Аз өтпөй полиция кылмышкерди жок кылган.
Орусия Сирия чатагында Башар Асад жетектеген өкмөткө 2015-жылдын сентябрынан бери абадан аскердик колдоо көрсөтүп келет.