Эгер иш шыдыр уланса Алеппонун чыгышындагы карапайым адамдарды коопсуз жерге көчүрүү жакынкы сааттарда жыйынтыкталат. Бул тууралуу эл аралык Кызыл Чырым уюмунун маалымат катчысы Инги Седки 22-декабрда билдирди.
Ошондой эле ал адамдар Идлибдин бийлик көзөмөлдөгөн айрым айылдарынан да чыгарылып кетерин кошумчалады.
Седкинин айтуусунда, тынчтык макулдашуусунан кийин 30 миңдей адам эвакуацияланды.
Көчүрүү Орусия-Түркия ортомчулугу менен ишке ашкан ок атышпоо макулдашуусунун негизинде жүрүүдө. Андан мурдараак Сирия өкмөттүк күчтөрү Алеппонун козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймагын ээлешкен.