Быйылкы Тарых жана маданият жылындагы иш-чараларды мыкты чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына 22-декабрда сыйлыктар тапшырылды. “Азаттык” мыкты радиоберүүлөрдү даярдады деп табылып, үчүнчү орунду ээледи, 20 000 сом акчалай сыйлыкка татыды.
Мындан тышкары, интернет басылма, теле жана радио номинациялары боюнча да сыйлыктар ээлерин тапты.
Аталган сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти биргеликте уюштурган.