Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Мелис Мамбетжанов кызматтан алынды


Мелис Мамбетжанов Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгону расмий кабарланды. Маалыматка караганда, ал өз арызы менен иштен кетти.

Мурдараак Мамбетжановдун ишмердиги парламентте сынга алынган. Ал төрт айдан бери ооруп жатканын айтып, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынына катышпай келатканы айтылган. Аткаминер өзү депутаттар кызматкерлерди иш боюнча сындабастан, адамдык кадыр-баркына шек келтирип жатканына нааразы болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG