Кыргызстанга расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани жана өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча документтерге кол коюшат. Сүйлөшүүлөр мамлекеттик резиденцияда өтөт. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, экономикалык мамиледен тышкары, аймактык жана эл аралык маселелер да талкууланат.
Бир күндүк сапар алкагында жогорку мартабалуу конок түштөн кийин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен “Хаят” мейманканасында жолугушат. Андан соң Роухани Кыргызстан-Иран бизнес форумуна катышарын президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди:
- Эки өлкө ортосунда эки мамлекеттин ортосунда ар тараптуу кызматташтык боюнча он жылдык программа кабыл алынат.
Хасан Роухани Бишкекке 22-декабрда кечке жуук келген. (SE)