Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Алепподон козголоңчулар чыгып кеткени кабарланды


Алепподон кетип жаткандардын бири.
Алепподон кетип жаткандардын бири.

Сирия армиясы Алеппо шаары толугу менен өкмөттүн көзөмөлүнө өткөнүн кабарлап, шаардан козголоңчулардын акыркы тобу да чыгып кеткенин билдирди. Мамлекеттик телеканал маалымдагандай, 22-декабрда козголоңчулар турган райондон согушчандар жана алардын үй-бүлөлөрүнүн акыркы мүчөлөрү тынчтык келишимине ылайык эвакуация кылынды.

Эл аралык Кызыл чырым уюму аталган райондон 30 миңден ашуун киши алып чыгып кетилгенин маалымдады.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык келишими боюнча 15-декабрдан бери Алепподон жайкын тургундарды жана козголоңчуларды чыгаруу иштери башталган. Бирок Башар Асад армиясы менен анын союздаштары каршы тарапты бир районго кысып, абал чыңалган. Муну БУУ, АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алган.

Байыркы Алеппо шаары соңку төрт жылда кыйрап, көп бөлүгү талкаланды.

XS
SM
MD
LG