Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Атамбаев менен Роухани өз ара кызматташтыкты талкуулоодо


Иран менен Кыргызстан президенттери.
Иран менен Кыргызстан президенттери.

Кыргызстанга расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани жана өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Президенттер алгач өз ара сүйлөшүп, андан кийин журналисттер үчүн биргелешкен маалымат жыйын курат. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча документтерге кол коюшат. Анда экономикалык мамиледен тышкары, аймактык жана эл аралык маселелер да козголору айтылган.

Бир күндүк сапарында жогорку мартабалуу конок түштөн кийин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен “Хаят” мейманканасында жолугушат. Андан соң Роухани Кыргызстан-Иран бизнес форумуна катышат. Иран лидери Бишкекке 22-декабрда кечке жуук келген. (NT)

XS
SM
MD
LG