Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:01

Кыргызстан ГЭС курууга Ирандын катышуусуна кызыкдар


Кыргызстан ГЭСтердин курулушуна Ирандын катышуусуна кызыкдар экенин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Хасан Роухани менен жолугушууда билдирди. Атамбаев Иран менен энергетика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында сөз сүйлөдү. Роухани бул маселеде өлкөсүндөгү компаниялардын бирине тапшырма берерин белгиледи.

Ошондой эле эки мамлекеттин тышкы иштер министрлерине бир ай ичинде алаканы күчөтүү боюнча документ иштеп чыгууга тапшырма берилгени кабарланды.

Жыйында Атамбаев Кыргызстан Ирандын өзөктүк программасынын аткарылышына жана Ирандан эл аралык санкциялардын алынышына маани берерин кошумчалады.

Кыргызстанга 22-декабрда расмий сапар менен келген Хасан Роухани Иран Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG