Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Иран Кыргызстан менен виза тартибин жоюуну көздөйт


Иран президенти Хасан Роухани.

Бул тууралуу Иран президенти Хасан Роухани мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүдөн кийин өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын ырасташынча, визаны үч этап менен жойсо болот, биринчи ишкерлер, экинчи туристтер жана үчүнчү жалпы жарандар үчүн. Ошондой эле Роухани Кыргызстан менен банк тармагында кызматташтыкты жакшыртуу ниетин, темир жол курулушуна даярдыгын да айтты.

Иран президенти Бишкекке 22-декабрда расмий сапар менен келди. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG