Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Ала-Бука: эл каттоо бөлүмүнө нааразы


Ала-Бука райондук каттоо бөлүмү.
Ала-Бука райондук каттоо бөлүмү.

Райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн ишине жергиликтүү тургундар нааразылык билдирүүдө. Мекеме кызматкерлери элге орой мамиле жасап, жумуш жадыбалы толук сакталбай жатканын район тургуну Талант Досалиев "Азаттык" радиосуна кабарлады.

Анын айтышынча, быйыл сентябрдан тартып туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоо сыяктуу документ берүү милдети айыл өкмөттөрүнөн алынып, райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Буга байланыштуу ар кайсы айылдардан келгендер кезек күтүп эки-үч күн убара тартышууда:

-100 миң калкы бар райондун тургундарын бир киши тейлеп жетишпей жатат. Ошол себептүү нааразы болгон атуулдар көп.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы системага өтүп жаткандыктан бул иштерди убактылуу райондук бөлүмдөргө бергенин жана жаңы жылдан тартып кайрадан айыл өкмөттөрдө тейлөө башталарын маалымдады. Ала-Бука райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башчысы Мира Ишеналиеванын үстүнөн нааразылык көп айтылып жаткандыктан, анын кызмат орду каралып жатканы да белгилүү болду. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG