Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

Сирия өкмөтү Алеппону толук көзөмөлгө алганын ырастады


Алеппо
Алеппо

Сириянын армиясы Алеппо шаарын толук көзөмөлгө алганын билдирди. Көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы тобу айыгышкан кармаштын чордонунда калган бул калаадан бейшембиде чыгып кетишти.

Бул президент Башар Асад үчүн дээрлик алты жылга созулган жарандык согуштагы маанилүү жеңиш болуп калды. Асад жана анын күчтөрү бул жеңишти “бурулуш учур” деп мүнөздөшүп, ага көмөктөшкөн Орусия жана Иранга алкыш айтышты. Орус армиясы Алепподо жүздөгөн аба чабуулдарын өткөрсө, ирандык жоокерлер кармашка катышкан. Алеппонун батыш тарабында тургундар түндүн бир оокумуна чейин майрам жатышты.

- Биз Алеппонун тургундарыбыз. Эми биз мурдагыдай жашай баштайбыз. Өлкөдөн качкан сириялыктар кайтып келет деп ишенем,- деди Алеппонун тургуну.

Оппозициячыл күчтөр Алеппо кармашында утулганын мойнуна алышты. “Ахрар аль-Шам” көтөрүлүшчүлөр тобунун өкүлдөрү “Орусия менен Иран Алеппону ээлеп алды” деп айтты.

Сирияда 2011-жылы тутанган жарандык согуштан 300 миңдей адам мерт болду. Алеппонун өкмөттүн колуна өтүшү менен президент Асаддын күчтөрү өлкөдөгү негизги беш шаарды көзөмөлдөөгө жетишти. 

 

XS
SM
MD
LG