Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Аксы: балдар суук класстарда окууда


Кара-Жыгач айылындагы Кадыркул Чекиров атындагы орто мектепке бир айдан бери жылуулук бериле элек. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты жана айыл тургуну Мамбеталы Ызаканов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтышынча, 800дөн ашык окуучу билим алган мектептин жылытуу системасы бузулуп, окуучулар суук бөлмөлөрдө окуп жатышат. Райондон текшерүү барар алдында окуу бөлмөлөрүнө электр мештери сайылган, кийин ал иштебей калды:

- Көпчүлүк ата-энелер мектепти кышында жабуу максатында кайрылуу жолдошкону менен ал аткарылган жок.

Мектептеги жылытуу системасы өткөн айдын этегинде бузулган бойдон калыбына келтириле элек. Район бийлиги жылуулук жаңы жыл майрамынан кийин берилерин кабарлады. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG