Орус президенти Владимир Путин АКШ президенти Барак Обаманын администрациясын сынга алып, президенттик шайлоодо Хиллари Клинтондун утулушуна Демократиялык партиянын өзү күнөөлүү экенин айтты. Ал жылдык маалымат жыйынында Орусиянын АКШ шайлоосундагы ыктымал ролу тууралуу айыптоолорго жооп берип, Обаманын администрациясы “эл ичиндеги ажырымга” жол ачканын, шайланган президент Трамп менен конструктивдүү байланыштарга үмүттөнүп турганын белгиледи.
Октябрь айында АКШнын айрым чалгындоо кызматкерлери хакерлер орус өкмөтүнүн шыкагы менен Демократиялык партиянын серверлерин жана электрондук почталарын бузуп киргенин билдиришкен. Борбордук чалгындоо агенттигинин “орус хакерлери Трамптын Клинтонду утуп чыгышына жардам берди” деген тыянагын Федералдык иликтөө бюросу колдогону кабарланган.
Путин серверлер менен почталарды ким бузуп киргени эмес, андан ачыкка чыккан маалымат маанилүү экенин кайталады.
Путин 2008-жылдан бери жылдык маалымат жыйынын өткөрүп келет. Бул жолкусуна 1500дөй жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер катышты.