Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

ТИМ: БУУнун иши саясатташты


Улуттар уюмунун жыйыны.
Улуттар уюмунун жыйыны.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сирия боюнча резолюцияга каршы добуш бергени тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Сириянын өзү колдобогон резолюцияны кабыл алуу Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын ишин саясатташтыргандай көрүнүүдө:

-Ошондой эле документтин көйгөйдү чечүүгө жардам берерине ишеним жоктой сезилди. Анын үстүнө резолюция талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей, шашылыш кабыл алынды. Ошол себептүү Кыргызстан аны колдогон жок, "каршы" деген добуш берди.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 22-декабрда 2011-жылдан бери Сирия чатагындагы ырайымсыздык, химиялык курал колдонууну иликтөө жана кылмышкерлерди жоопко тартуу боюнча резолюцияны кабыл алган. 58 өлкө демөөрчү болгон документке 105 өлкө макул, 15 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, Орусия, Беларус каршы добуш берсе, Казакстан баштаган 52 өлкө добуш берүүдөн карманды. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан добуш берүүгө келген эмес. Орусия Башкы Ассамблеяны Коопсуздук кеңешинин ишине кийлигишип жатат деп айыптады. Кытай өлкөнүн эгемендигин сыйлоого чакырган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG