Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Ливиянын учагы барымтага алынды


Мальтага кондурулган учак
Мальтага кондурулган учак

Ливиянын “Африкия” аба жолдоруна таандык учагын белгисиз адамдар барымтага алып, учакты Мальтанын борбору Валлеттага кондургандан кийин 111 жүргүнчүнү кое берди. Бирок экипаж мүчөлөрү дале учакта кала берүүдө.

Барымтачылар талаптары аткарылмайынча учакты жардырып жиберебиз деп коркутуп жатышканын Мальтанын бийлиги билдирди. Ливиянын Сабха шаарынан учуп чыккан учак баш калаа Триполиге конушу керек болчу.

Жергиликтүү медиа эки барымтачы учакта гранаталар бар экенин айтып жатканын кабарлады. Барымтачылар кандай талаптарды коюп жатканы так айтылган жок.

Коопсуздук күчтөрү Airbus A320 учагын курчап турат. Мальтага каттамдар убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG