Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-декабрда саат 10дон тарта “Сосновка” постунан оор жүк ташуучу машинелер кезек-кезеги менен өткөрүл баштады. Алардын ар бирине ортодогу 500 метр аралыкты так сактоо талабы коюлууда. Буга чейин бул постто 30дай машине токтоп турган болчу. Ошондой эле “Арал” постунда да оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн чектөөлөр алынды.
Бишкек-Ош жолунда акыркы бир сутка ичинде беш жолу көчкү түштү. Мындан улам каттам маал-маалы менен жабылып, "Сосновка" жана "Арал" постторунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү убактылуу токтотулган. 23-декабрда аталган посттордо айдоочу, жүргүнчүлөр үчүн жылытуу жайлары, ысык тамак уюштурулган. (NT)