Кыргызстанда 25-декабрда жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, түндүгүндө -15…-20, күндүз -4…+1, түндүгүндө -1…-6;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14;
Таласта түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Баткенде түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -9…-14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -10…-15 градус суук.
Бишкекте 25-декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 градус суук, күндүз -1…+1 градуска чейин жогорулайт.