Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

ФБР АКШда теракт даярдалып жатканын эскертти


Вашингтондогу рождестволук балаты.
Вашингтондогу рождестволук балаты.

АКШнын федералдык иликтөөлөр бюросу өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик тобу тараптан чабуулдар болушу мүмкүндүгүн эскертти. Атайын кызматка Рождество майрамдары учурунда чиркөөлөргө кол салуулар даярдалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле маалда аталган бюронун документинде кайсы жерлерге чабуул жасалышы мүмкүндүгү тууралуу так маалымат айтылган эмес. Америкалык жарандарга этият болууга, террордук коркунуч күчтүү болуп жаткан Иордания жана Египетке барбай турууга чакырык ташталган.

Берлиндеги рождестволук жармаңкедеги кол салуудан кийин Нью-Йорк, Чикаго жана Сан-Франциско шаарларынын бийликтери эл көп жүргөн жерлерде коопсуздук чараларын күчөттү.

XS
SM
MD
LG