Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Юнкер мигранттар үчүн Европага жолду жаппоого чакырды


Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер.
Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер.

Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Берлиндеги жармаңке маалындагы теракттан улам качкындар үчүн Европага жол жабылбашы керектигин жарыялады. Westdeutsche Allgemeine Zeitung гезитине берген маегинде Юнкер бардык бозгундардан террорчулук үчүн шектенүү туура эместигин айтты. Анын пикиринде, Евробиримдик согуш болуп жаткан аймактардан жана террорчулардан качкандардын баарына баш калка бериши керек. Ошол эле маалда ички коопсуздукту бекемдөө үчүн ЕБга мүчө өлкөлөр өз ара кызматташтыкты жакшыртууга тийиштигин, маалымат алмашууну жана террорчуларды каржылоого каршы күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Юнкердин бул билдирүүсү Берлиндеги рождестволук жармаңке учурунда тунистик качкын башкарган жүк ташуучу машине элди тебелеп кеткенден кийин жасалды. 19-декабрда Берлиндеги кандуу окуяда 12 адамдын өмүрү кыйылып, 50гө чукулу ар түрдүү жараат алган.

XS
SM
MD
LG