Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Атамбаев менен Мирзиёев Man Auto-Uzbekistan ишканасын кыдырды


Президенттин Өзбекстандагы сапары. 24-декабрь, 2016-жыл.

Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери Самаркандагы өзбек-немис Man Auto-Uzbekistan биргелешкен ишканасын кыдырып чыгышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кыргыз тарап аталган завод чыгарган техникалардын үлгүсү менен таанышты. Ошондой эле Өзбекстандын текстиль жана автоунаа өнөр жайы, элдик керектөө шаймандарынын көргөзмөсүнө күбө болушту.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапар менен бүгүн барган. Алгач ал Самаркандда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койду. Сапардын жүрүшүндө ал Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу кызматташтыкты жана чечүүгө муктаж маселелерди талкуулайт. Атамбаевди тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков, Өзбекстандагы элчи Данияр Сыдыков, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, мамлекет башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов коштоп жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG