Учакта 83 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Куткаруучулар алардын аман калуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок деп жатышат.
Орусиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 үлгүсүндөгү учагы Сочинин жээктеринде асманга көтөрүлгөндө кыйраганын "Интерфакс" агенттиги кабарлады.
Радардан жоголуп кеткен учактын бортунда орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери, онго чукул журналист бар болгону кабарланууда.