Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 24-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышында билдирди. Анын айтымында, быйыл саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджеттен 14,5 млрд. сом бөлүндү. Бул көрсөткүч 2010-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көп:

- Аймактарда кадрдык саясаттын жетишсиздиги сыяктуу чечилбей келе жаткан маселелер, аны менен катар медициналык мекемелерди заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөр бар. Азыр калкты тең медициналык шарттар менен камсыздоо аракеттери көрүлүп жатат. Быйыл Ош облусунун жергиликтүү бюджетинин жана гранттык каражаттардын эсебинен 4 жаңы медициналык мекеме курулуп, дагы экөөнүн курулуш иштери жүрүүдө.

Аталган бөлүмдүн курулушу 2014-жылы башталган. Имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзөт, 50 орунга ылайыкталып, учурда бейтаптарды кабыл алууга толук даяр экенин Ноокат райондук акимчилиги маалымдады. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG