Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Учак кырсыгында 1-каналдын үч кызматкери каза тапты


Каза болгон журналисттер
Каза болгон журналисттер

Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында Кара деңизде кыйраган ТУ-154 учагындагы жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланды.

Маалыматка караганда, кырсыктан эч ким тирүү калган жок. Учакта Орусиянын Биринчи каналынын чыгармачыл тобу, кабарчы Дмитрий Рунков, оператор Вадим Денисов, үн оператору Александр Сойдов жана башка маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон. Ошондой эле учакта орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери да каза тапты.

Орусия президенти Владимир Путин премьер-министр Дмитрий Медведевге 25-декабрдагы учак кырсыгын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектөөнү тапшырды. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Путинге учак радардан жоголгондон кийин эле ошол заматта маалымат берилген. Издөө иштери президенттин көзөмөлүнө алынды.

Орус президенти кыйраган учакта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG