Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Трамп өзүнүн кайрымдуулук корун жабууга убада берди


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу үчүн өзүнүн кайрымдуулук фондун жабууга убада берди. Билдирүүдө фонд өз ишмердүүлүгүн толук токтотору жазылган. Бирок качан жабылары так айтылган жок. Трамптын бул билдирүүсү Нью-Йорк штатынын Башкы прокуратурасы фонддун ишмердүүлүгү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан маалга туш келди.

Прокуратура азыр иликтөө уланып жаткандыгына байланыштуу фондду жабууга болбой турганын билдирди.

Фонддун ишмердүүлүгүн текшерүү сентябрь айында башталган. Ага уюм тыюу салынган иштерди жасаган деген прокурорлордун шектенүүсү себеп болгон.

Буга чейин да Трамптын фонду бир катар чуулуу иштерге аралашып келген. Америкалык маалымат каражаттары миллиардер өз фондуна 2008-жылдан бери акча которбогонун жазып, тескерисинче кайрымдуулук үчүн түшкөн каражатты жеке иштерине пайдаланып келгенин жазышкан.

XS
SM
MD
LG