Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Германиянын Аугсбург шаарынан 54 миң адам көчүрүлдү


Украинада табылган Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинада табылган Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба. Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын түштүгүндөгү Аугсбург шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуш маалынан калган бомба табылганына байланыштуу 25-декабрда 54 миң адам башка жерге убактылуу көчүрүлдү.

Британиялык аскер күчтөрүнө тиешелүү салмагы дээрлик эки тонналык бомба 1944-жылкы чабуулда шаарга ташталганы маалым болду. Бомбаны зыянсыздандыруу операциясы беш саатка созулушу мүмкүн экенин полиция билдирди. Учурда шаарга 900дөй полиция кызматкерлери тартылды. Бомба 20-декабрда табылган.

XS
SM
MD
LG