Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Санкт-Петербургда ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындары өтөт


ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери.

Ага катышуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-декабрда Орусияга жөнөп кетет. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдирди.

Кремлдин сайты жазып чыккандай, ЕАЭБ саммитине Кыргызстандан тышкары уюмга мүчө Армения, Беларус, Казакстан жана Орусиянын лидерлери толук катышат. Алар биримдик түзүлгөндөн берки эки жыл аралыгындагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, болочоктогу аракеттерди ортого салышат. ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимге кол коюлат. ЖККУ жыйынында ага мүчө мамлекеттердин башчылары террордук жана экстремисттик коркунучтарга, маңзат жана курал аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулашат. Буга чейин уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа жыйында ЖККУ аймагындагы чек аралардагы НАТОнун аракеттерине жооп кайтаруунун жолу каралыш мүмкүндүгүн билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG