Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев жерге берилет


Болотбек Ногойбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Ички иштер министрлигинин даңк мемориалында өтөт. Көптөн бери ооруп жүргөн Ногойбаев 24-декабрда көз жумган.

Болотбек Ногойбаев 1955-жылы Чүй облусунун Тельман айылында туулган. 1983-жылы КМУУнун укук таануу факультетин аяктап, андан кийин Москвадагы ИИМ академиясынан билим алган. Ногойбаев юридика илимдеринин доктору, көптөгөн илимий эмгектердин автору. Эмгек жолун милициянын катардагы кызматкеринен баштап жооптуу жетекчиликке чейин көтөрүлгөн. 2007-2008-жылы ички иштер министри болуп эмгектенген.

Акыркы жылдарда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында иштечү. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, "Күжүрмөн кызматы үчүн" 1-даражадагы медал жана башка көптөгөн сыйлыктарды алган.

XS
SM
MD
LG