Бүгүн "Жер пайдалануу тармагындагы" мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу болот. Аны Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети уюштурууда.
Талкууда «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу», «Ош шаарынын макамы», «Борбордун макамы», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө» мыйзамдарга, Токой, Турак-жай, Жер кодекстерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Өкмөт аталган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча 2015-жылдын 27-октябрда токтом кабыл алган.
Айрым укук коргоочулар документ кабыл алынып калса, бийлик мамлекеттин жана коомдун муктаждыктары үчүн мыйзамга такап жарандардын үйлөрүн тартып алат деген пикирлерин билдирип келишет. Буга чейин мыйзам долбоорун кабыл албоо талабы менен Бишкекте нааразылык акциясы да өткөн.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев да Бишкекте башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-чүйдө үйлөр салынып жатканын айтып, борбордун архитектуралык көрүнүшүн оңдоо керек деген негизде жер пайдалануу мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси менен чыккан. Бишкек шаарындагы тарыхый борборду реконструкциялап, жеке менчик үйлөрдү мамлекет эсебине алуу керектигин билдирген. (NT)