Кара-Сууда Мады айыл аймагында жааган кардан улам жабылган жол тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, калың кар Мады, Папан-Лаглан, Тээке, Бекжар жана Кичик айылын туташтырган 32 чакырым ички жолдор жабылып калган. 25-декабрдан тарта бул жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.(BkA)