Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Парламентке кире албаган адам уруксат жайдын терезесин талкалады


Талкаланган айнек.
Талкаланган айнек.

Жогорку Кеңешке кире албаган жаран парламенттин өткөрмө пунктунун терезесин талкалады. Муну окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчылары билдиришти.

Маалыматка ылайык, уруксат алууга келген жаран парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековго жолугууну максат кылган. Бирок тиешелүү документтери болбогону үчүн ага кирүүгө уруксат берилген эмес. Буга нааразы болгон шайлоочу уруксат жайдын терезесин талкалап салган. Учурда окуя болгон жерге милиция келип, тартип бузган адам сурак берүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG