Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:53

Москвада 12 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды


Орусиянын Москва шаарында 12 жаштагы кыргызстандык окуучуну өлтүрүүгө шектелип анын жездеси кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Москванын чыгышындагы батирлердин биринин жуунучу бөлмөсүнөн бычакталган 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Секелек кыз ата-энеси менен Москвада жашап жүргөн. Бул окуя боюнча орусиялык күч органдары иликтөөнү баштап, көп өтпөй шектүү катары 21 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Ал Кыргызстанга кетүүгө камынып жатканы белгилүү болуп, кылмышты моюнуна алды.

Кылмышка шектүү өлтүрүлгөн кыздын эжеси менен жашап жүргөн.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG