Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Иштамбердиде алтын аралашмалары өндүрүлө баштады


Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди алтын кенинде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштады.

Облустук бийликтен билдиришкендей, кенди иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясы 2011-жылы өз ишин баштап, алгач технологиянын начардыгынан алтын өндүрүү ишке ашкан эмес.

2014-жылдан тартып компания жаңы тоо-тектерин кайра иштетүү технологиясын киргизе баштаган.

Быйыл 24-декабрда кенден алгачкы жолу 80% алтын аралашмасы бар тоо-тектери иштетилип чыкты.

Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде 40 тоннага жакын алтындын кору бар деп эсептелген.(RsK)

XS
SM
MD
LG