Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

27-декабрдын аба ырайы


Кыш.
Кыш.

26-декабрдан 27-декабрга чейин жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашуу жолдорунда кар күрткүсү топтолуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Автожолдор тайгак болуп, жолдорго муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…4;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…2;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз -2…3;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…2 градус жылуу;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;

Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1- 6 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1…-3 суук, күндүз 0…2 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG