Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Амур дарыясына Кытай менен Орусияны бириктирген көпүрө салынат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ыраакы Чыгышта Кытай менен Орусияны бириктирген автомобиль өтө турган көпүрө Амур дарыясына салынарын Кытайдын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Көпүрөнүн долбоору мындан 28 жыл мурун эле түзүлгөн.

Долбоор боюнча 20 чакырымдык көпүрө Кытайдын Хэйлунцзян провинциясын Орусиянын Благовещенск шаары менен бириктирет. Көпүрөнүн курулушунун чыгымынын үчтөн бир бөлүгүн Кытай көтөрсө калганын Орусия өзүнө алат. Орусиялык инженерлерге көпүрөнүн эки секциясын бириктирүү милдети тагылган.

Үч миллион тонна жүк жана бир жарым миллиондон ашуун жүргүнчү ташууга пландалган долбоор 2019-жылдын этегине чейин аякташы керек. Көпүрөнүн курулушу 355,6 миллион доллар деп бааланган.

XS
SM
MD
LG