Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Атамбаев: быйыл Кыргызстан үчүн сыноо болду


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышты. Сөз сүйлөгөн учурда алгач Сочиде аба кырсыгында каза тапкандардын жакындарына жана жалпы Орусия элине көңүл айтты. ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнө кайрылып, 2016-жыл - Кыргызстан үчүн уюмга толук кандуу мүчө катары сыноо болгонун айтты.

- Көптөгөн өзгөрүүлөр болду, анын ичинде жакшы жана терс учурлар да бар. Тилекке каршы, терс көрүнүштөр маал-маалы менен көп болуп, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине өлкөнүн киргенин кабыл алганына изин калтырууда. Албетте, алар экономикалык натыйжага да терс из салып жатат, - деген Атамбаев маселелерди алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулоону сунуштады.

ЕАЭБдин жыйыны Санкт-Петербургда өтүүдө. Анын жүрүшүндө биримдиктин түзүлгөндөн берки иштин жыйынтыгы чыгарылып, болочоктогу аракеттер ортого салынууда. (NT)

XS
SM
MD
LG