Мындай пикирин парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын баамында, Алексей Елисеев 2010-жылы сот тарабынан кылмышкер деп тааныла элек болгондуктан, лицензия мыйзам чегинде узартылган, кылмыш фактысы жок. Депутат ошондой эле Елисеевдин лицензиясы коомго эч кандай коркунуч жаратпаганын жазып, эмне үчүн 2010-жылдагы бул маселе алты жылдан кийин кылмыш деп таанылды деп суроо салды. Бийлик өз айткандарына каршы чыккандарды камап, чөгөлөтүү аракетин көрүп жатат деген ою менен бөлүштү:
- Эмнеге 31-августта президент эл алдында убада кылган "банк ячейкалары", "рейдерлик жол менен басып алынган бизнестер", "энергетика, бажы, жол куруу тармагындагы эбегейсиз коррупциялык иштер, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү жемкордук фактылары боюнча кылмыш иш козголуп, тартип орнолбойт? Коомго Елисеевдин жок кылынган лицензиясы коркунучтуубу же элдин жонунан кайыш тилген эбегейсиз коррупция коркунучтуубу? - деп жазды Шыкмаматов.
26-декабрда Башкы прокуратура юстиция министри болгон учурда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кылмышка шектелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген жүйө менен Саляновага кылмыш иш козгогон. Эл өкүлү лицензияга байланыштуу кылмыш иш ачууга негиз жоктугун билдирүүдө. (NT)