Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Орусиядагы элчилик мигранттарды сак болууга чакырды


Мигранттар.
Мигранттар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан билдирүүдө Берлиндеги жана Түркиядагы соңку кол салуулардан улам мекендештерге этият болууну, коопсуздукту сактоону, адам көп чогулган жерлерден оолак жүрүүнү, зарылдыгы жок кезде жашаган аймактан чыкпай эле коюуга чакырык ташталган.

20-декабрда Берлинде Иса пайгамбардын туулган күнүн утурлаган жармаңке учурунда оор жүк ташуучу машине элди тепсеп, 12 адам каза таап, 50гө чукулу ар кандай жаракат алган. 25-декабрда Түркияда мина менен колго жасалган бомба жарылып, бир нече адам кайтыш болгон. Иса пайгамбардын туулган күнү жана жаңы жыл майрамынын алдында терракт коркунучу күчөгөнүн билдирип, буга чейин АКШ жана айрым Батыш мамлекеттери өз жарандарын эскерткен.

Расмий маалыматка таянсак, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 600 миңге чукул. Бирок алардын саны бейрасмий миллиондун тегерегинде экени айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG