Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Улуттук банк эсептик ченди 5 пайыз деп аныктады


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 0,5 пайызга төмөндөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнтөн тарта эсептик чендин өлчөмү 5 пайыз болуп аныкталды.

Абдыгулов мындай чечим экономиканын абалы менен байланыштуу экенин билдирип, өлкөдө баалардын жалпы деңгээлинде жогорулоо жоктугун билдирди.

Улуттук банктын төрагасынын ырасташынча, жыл башында эсептик чендин өлчөмү 10 пайызды түзгөн.

Толкунбек Абдыгулов акча базарында абал туруктуу экенин кошумчалап, кескин өзгөрүүлөр күтүлбөй турганын билдирди.

Учурда 1 АКШ доллары 69 сомду түзүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG