Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:42

Шахматчы Руслан Сиезбеков Батыш Азия чемпиондугунда 2 алтын байге утту


Руслан Сиезбеков "Азаттыктын" студиясында. 24-декабрь, 2014-ж. Бишкек.

Кыргызстандык жаш шахматчы Руслан Сиезбеков Бириккен Араб эмирлигинин Аль-Айн шаарында өткөн Батыш Азия чемпиондугунда эки алтын медалдын ээси болду.

Азиянын шахмат боюнча федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 14 жашка чейинки балдар арасында ойногон Сиезбеков шахматтын тез ойноло турган блиц түрүнөн (бир партияда ар бир оюнчуга үч мүнөттөн берилет. Жүрүш сайын эки секунддан кошулат.) жети беттеште беш жолу жеңишти камсыздап, эки оюнда тең чыгып жалпысынан алты упай топтоп чемпион болгон.

Ошондой эле шахматтын рапид түрүнөн (бир партияда ар бир оюнчуга 15 мүнөттөн берилет. Жүрүш сайын 10 секунддан кошулат) дагы 14 жашка чейинкилер арасында алты упай чогултуп, алтын медал тагынды.

Бул чемпиондуктун блиц түрү боюнча мелдештерине 8 жашка чейинки балдар арасында дагы бир кыргызстандык алты жаштагы Султай Чыңгыз катышып, беш упай топтоп бешинчи орунду ээледи.

24-декабрда Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарында башталган шахмат боюнча Батыш Азия чемпиондугу 30-декабрга чейин уланат. Байгелер сегиз, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында ойнотулууда. Учурда шахматтын классикалык түрү боюнча мелдештер өтүп жатат. Ага 14 өлкөдөн: Индия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кыргызстан, Кувейт, Ливан, Оман, Палестина, Шри-Ланка, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмирлигинен 150гө жакын оюнчу катышууда.

14 жаштагы Руслан Сиезбеков Кыргызстандын шахмат боюнча алты жолку чемпиону. Ал 9 жашында спорт чеберлигине талапкер, 11 жашында шахматтын блиц түрүнөн Азия чемпиону болгон. Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) спорт чеберлигине талапкер.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG