Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Казарман-Нарын жолу убактылуу жабылды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Казарман-Акталчат-Нарын унаа жолунун 44-45- жана 67-94-чакырымдары Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Буга байланыштуу Кара-Гөө ашуусунда кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер 29-декабрга чейин уланат. Буга байланыштуу Казарман-Акталчат-Нарын унаа жолундагы Кара-Гөө ашуусу убактылуу жабыларын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG