Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

ЖК кийим илгичине байланыштуу расмий түшүндүрмө таратты


Жогорку Кеңештин маалымат кызматы парламент имаратында кийим илгичте иштеген адамга байланыштуу расмий түшүндүрмө таратты. Андагы маалыматка ылайык, аталган жаран өз ишин улантып жатат.

Буга чейин КТРКнын директору Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына Жогорку Кеңештин кийим илгичинде иштегендер өз ордуна жок экенин жазып, “парламент өзүн өзү тейлөө режимине өтүп кетиптир” деп жазган.

Мындан соң айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин аппараты аталган кызматкерди жумуштан бошотконун жазып чыккан эле. Парламент маалымат кызматы бул маалыматты төгүнгө чыгарды.(BkA)

XS
SM
MD
LG