Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Кыргыз волейболчулары Азиянын аймактык чемпиондугунда күмүш байге алды


Таймаш.
Таймаш.

27-декабрда Бангладештин Дакка шаарында жыйынтыкталган волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунда (борбордук аймак) Кыргызстандын улуттук курама командасы күмүш байгенин ээси болду.

Спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 27-декабрда кыргызстандык волейболчулар финалда бангладештиктер менен беттешти.

Оюндун биринчи жана экинчи партиясында мелдеш кожоюндары 25:22 жана 25:23 эсебинде алдыга чыгышкан. Үчүнчү партияда 7:6 эсебинде бангладештиктер утуп келе жаткан маалда кыргызстандык оюнчу Нурмухаммед Токтоев жаракат алып, оюнду уланта албай калды. Кыргызстандан бул турнирге сегиз оюнчу барган.

Буга чейин тайпалык беттештердин биринде Непал менен болгон оюнда Кыргызстандын оюнчусу Талгат Чалмашбеков жаракат алып, мелдештерин уланта албай калган. Ошондон улам алты оюнчусу гана калган кыргыз курамасына мелдештин регламентине ылайык техникалык утулуш жазылып 2:0 эсебинде мелдеш кожоюндары жеңишке жетти. Күмүш кубок Кыргызстандын курамасына ыйгарылды. 3-орун үчүн беттеште Мальдив аралдарынын оюнчулары Непал командасын 3:0 эсебинде утуп, коло байгени алышты.

Бул мелдештин тайпалык оюндарында Кыргызстандын командасы төрт оюнда төрт жолу жеңишке жетип, 11 упай менен турнирдик таблицада көч башын жетектеп финалга чыккан эле. Финалда 2:0 эсебинде утулган бангладештиктерди кыргызстандык волейболчулар тайпалык мелдештин төртүнчү турунда 3:2 эсебинде утуп алган эле.

22-декабрда башталган волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугуна (борбордук аймак) беш команда катышты. Тайпалык мелдеште бир да упай топтой албаган Ооганстан курамасы бешинчи орунду алды. (ECh.)

XS
SM
MD
LG