Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин кыргыз-америка дипломатиялык алакасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жолдогон телеграммасында айтылат. Анда Керри АКШ эки тараптын бекем алакасын жана демократияны өнүктүрүү боюнча жалпы максаттарды кубаттай турганын белгилеген.
Ушундай эле мазмундагы катты Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да Керринин дарегине жиберип, буга чейин түзүлгөн өз ара кызматташтыкты сактап калуу гана эмес, эки элдин бакубаттуулугу жана өнүгүүсү үчүн ар тараптуу байланыштарды ирети менен өнүктүрүү маанилүү экенин айтты. Тараптар мындан ары да мамилелерди тереңдетүү үчүн биргелешкен күч-аракет жумшайт деген ишеничин кошумчалаган.
Бүгүн Кыргызстан менен АКШнын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду. 1991-жылы 27-декабрда АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп таанып, 1992-жылы Бишкектеги АКШ элчилиги ачылган.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан АКШдан эң көп суммадагы жардам алгандардын сап башында турат. 25 жылдын ичинде 2 миллиард долларга чукул донордук жардам келген, 2016-жылы алынган акчанын суммасы 50 миллион долларды түзгөн.
Былтыр 21-июлда кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан - АКШ кызматташтыгы боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген. Бирок ал качан кабыл алынары азырынча белгисиз. (NT)