Ала-Букадагы маркумду жерге берүү чатагы боюнча изделип жаткан 21 жаштагы жаран 26-декабрда Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Быйыл 14-октябрда көз жумган 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген негиз менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра көрдөн казып салышып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, сөөктү чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу.
Окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициясы Кылмыш кодексинин 263-беренесинин негизинде иш козгоп, сөөктү көрдөн казып салгандардын аты-жөнү аныкталган. Жалпысынан 5 адам айыпталып, алардын экөөнө издөө салынган. Калган үчөөнүн соту жүрүүдө. Маркумдун сөөгүн жерге жашыруудагы ызы-чууга байланышкан ишти 27-декабрда райондук сот кароого киришип, күбөлөр суралды. Кийинки жараян 4-январга белгиленди. (NT)