“Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси экинчи окууга киргизилет. Аны өкмөт сунуштап, буга чейин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети жактырган.
Мындан мурда Жогорку Кеңеште 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу сунушталган.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги болсо мергенчиликке узак мөөнөткө мораторий киргизүү мыйзамсыз аңчылыкты күчөтөрүн белгилеп, айрым аймактарга гана убактылуу тыюу салуу сунушу менен чыккан болчу. (NT)